726-статья. Заем келишими боюнча проценттер же болбосо башка төлөмдөр
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
1. Мыйзамда же заем келишиминде башка белгиленбесе, заем берүүчү заем алуучудан келишимде аныкталган өлчөмдө жана тартипте заем суммасынан процент же болбосо башка төлөм алууга укуктуу.
Заем берүүчү заемдун жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын өлчөмү жөнүндө маалыматты заемчуга берүүгө милдеттүү, ал заем алуучу үчүн ачык, жеткиликтүү болууга тийиш жана коммерциялык сырдын предмети болбошу керек.
Эгерде бул заем алуучунун абалын начарлатса жана/же анын милдеттерин көбөйтсө, заем берүүчү заем келишиминин шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө жана толуктоого укугу жок.
2. Граждандардын ортосунда түзүлгөн жана жок дегенде тараптардын биринин ээлик кылуу ишкердигин ишке ашыруусуна байланышпаган заем келишими, эгерде анда түздөн-түз башкасы каралбаса, карыздын суммасы төлөнбөстөн процентсиз деп эсептелинет.
3. Эгерде заем келишими боюнча заем алуучуга түрдүк белгилери аныкталган буюмдар берилген болсо, алардын өлчөмү жана формасы (акчалай же натуралай) келишимде каралган учурда процент же башка төлөм төлөнүүгө тийиш.
4. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул Кодекстин 727-статьясынын 2-пунктуна ылайык, пайызга берилген заемдун суммасы мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилген учурда, пайыздар заемдун суммасы мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай кайтарылып берилген күндү кошуп алганга чейин кошулуп эсептелет.
6. Эгерде заем келишиминде сүткорлук пайыздык ставкалар белгиленсе, анда сот аларды мыйзам менен белгиленген тартипте аныкталган чектик жол берилген пайыздын алкагында карайт.
(КР 2008-жылдын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2013-жылдын 30-майындагы № 85 , 2013-жылдын 24-июлундагы № 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2024-жылдын 23-майындагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)