1103-1-статья. Фирмалык аталыш
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
1. Фирмалык аталыш - аны менен ал өз ишин жүзөгө ашырган жана ал башка юридикалык жактан айырмаланып турган юридикалык жактын толук аталышы.
2. Юридикалык жак граждандык карым-катнашка анын уюмдаштыруу документтеринде аныкталган өзүнүн фирмалык аталышы менен чыгат жана юридикалык жакты мамлекеттик каттоодо юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилет.
3. Юридикалык жактын фирмалык аталышы анын уюштуруу-укуктук таризин жана иштин турун билдирген сөздөрдөн гана турбастан, юридикалык жактын өз аталышына көрсөтмөнү камтууга тийиш.
4. Юридикалык жактын бир толук фирмалык аталышы болууга тийиш жана бир кыскартылган фирмалык аталышынын болушуна укуктуу.
Юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык аталышы кыргыз жана орус алфавиттеринин тамгаларын, ал эми англис тилинде - латын алфавитинин тамгаларын гана камтууга тийиш.
5. Юридикалык жактын фирмалык аталышына төмөнкүлөр камтылышы мүмкүн эмес:
1) катталган (кайра катталган) юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) окшош толук же кыскартылган аталыштары;
2) жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоочу элементтер, ошондой эле одоно жана уят сөздөр.
Мамлекеттик ишкананын фирмалык аталышы мндай ишкананын Кыргыз Республикасына таандыктыгында көрсөтмөнү камтышы мүмкүн.
Юридикалык жактын фирмалык аталышына Кыргыз Республикасынын расмий толук же кыскартылган аталышын, ошондой эле ушул аталыштан алынган туунду сөздөрдү жана "Улуттук" жана "Манас" деген сөздөрдү алардын кайсы айкалышында болбосун киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жол берилет.
(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)