1088-статья. Ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн укуктук коргоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

V БӨЛҮМ›56-Глава

1. Ойлоп чыгарууга, пайдалуу моделге жана өнөр жай үлгүсүнө болгон укук патент берүү шартында сакталат;

2. Патент алуу укугу пайда болгон ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө карата коюлуучу талаптар, аны берүүнүн жана укуктук коргоонун токтотулушунун тартиби Мыйзам тарабынан белгиленет.

(КР 2003-жылдын 17-февралындагы № 39, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)