1073-статья. Автордук келишим


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

V БӨЛҮМ›54-Глава

1. Автор же анын мураскору автордук келишим түзүү аркылуу, өзүнүн чыгармасын пайдалануу укугун башка адамга өткөрүп бере алат, автордук келишим акысыз түзүлөт.

2. Автордук келишим даяр чыгармага же автор түзүүгө милдеттенген чыгармага карата (буюрма келишим) түзүлүшү мүмкүн, автор же анын мураскорлору тарабынан чыгарманы тигил же бул чектерде пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө түзүлгөн келишим (автордук лицензиялык келишим) да автордук келишим болуп эсептелет.

3. Автор ага таандык чыгарманы ал аныктаган шарттарда жана мөөнөттөрдө акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кандай болбосун адамдарга берүү жөнүндө жалпыга билдирүү жасай алат. Кандай болбосун адам бул чыгарманы автор тарабынан аныкталуучу шарттарда жана мөөнөттөрдө пайдаланууга укуктуу.

Колдонуу мөөнөтүнүн ичинде билдирүү кайра чакырылып алынышы мүмкүн эмес, ал эми чыгарманы пайдалануунун анда каралган шарттары өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

(КР 2017-жылдын 9-мартындагы № 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)