1027-статья. Моралдык зыяндын ордун толтуруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
1. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары моралдык зыяндын орду аны келтирген кишинин күнөөсү бар болсо, аны келтирген жак тарабынан толтурулат.
2. Моралдык зыяндын орду төмөнкүдөй учурларда аны келтирген жактын күнөөсү бар же жок экендигине карабастан толтурулат:
өтө коркунучтуулук булак менен гражданиндин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде;
гражданинди мыйзамсыз соттоонун, кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуунун, токтотуу чарасы катары камакка алуу же башка жакка кетип калбоо жөнүндө кол койдуруп алуу мыйзамсыз колдонгондо, камакка алуу же түзөтүү иштери түрүндө мыйзамсыз административдик жаза колдонуунун натыйжасында зыян келтирилгенде;
адамдын ар-намысын, абийирин жана ишкердик беделин түшүрүүчү маалыматтарды таркатуу менен зыян келтиргенде;
ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда.
3. Гражданиндин мүлктүк укуктарын бузууга алып келген аракет (аракетсиздик) менен келтирилген моралдык зыяндын орду мыйзамда каралган учурлардан тышкары толтурулбайт.
Караңыз:
КР Жогорку Сотунун пленумунун 2004-жылдын 4-ноябрындагы № 11 "Моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү мыйзамдарды колдонуунун соттук тажрыйбасынын кээ бир маселелери туурасында" токтому