1005-статья. Аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган гражданин келтирген зыян үчүн жоопкерчилик


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IV БӨЛҮМ›51-Глава

Спирт ичкилигин, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун пайдалануунун, кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун кесепетинен (65-статья) аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген гражданин келтирген зыяндын орду зыян келтирүүчүнүн өзү тарабынан жалпы негиздерде толтурулат.

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2025-жылдын 2-июлундагы № 131 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)