1002-статья. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдар келтирген зыян үчүн жоопкерчилик
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
1. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдар келтирилген зыян үчүн жалпы негиздерде өз алдынча жоопкерчилик тартат.
2. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдарда зяндын ордун толтуруу үчүн жетиштүү мүлк же башка киреше булагы болбогон учурда, зыяндын орду эгер зыян алардын күнөөсү боюнча келип чыкпагандыгы далилденсе, анын ата-энеси (асырап алгандары) же көзөмөлдүк кылуучулар толугу менен же анын жетпеген бөлүгүн толтурууга тийиш.
Көзөмөлдүк кылууга муктаж болгон он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр тийиштүү тарбиялоо, дарылоо мекемелеринде, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинде же мыйзамдын күчү боюнча ага көзөмөлдүк кылуучу болуп саналган башка ушундай мекемелерде (70-статья) турган болсо, эгерде зыян анын күнөөсү бюнча келип чыкпагандыгы далилденсе, ал мекеме зыяндын ордун толугу менен же анын жетпеген бөлүгүн толтурууга милдеттүү.
3. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдар келтирген зыяндын ордун толтуруу боюнча ата-эненин (асырап алуучулардын), көзөмөлдүк кылуучулардын жана тийиштүү мекемелердин милдеттенмеси зыян кетирген адам бойго жеткенде же ал бойго жеткенге чейин анда зыяндын ордун толтуруу үчүн жетиштүү киреше булагы же башка мүлк пайда болсо, же ал бойго жеткенге чейин аракетке жөндөмдүүлүккө ээ болсо, токтотулат.
(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)