Мамлекеттик уйду приватташтыруу

№120248 | 22.05.2026 | Просмотров: 189

Эгерде 20 жылдан ашык аскерде кызмат кылган офицер анча оор эмес Кылмыш кылып соттолуп кетсе, ага мамлекет тарабынан берилген уй приватташтырылабы?

1 ответ
Участник
23.05.2026 14:35

Саламатсызбы,

Кыскача: эгер офицердин 20 жылдан ашык календардык кызмат өтөөсү бар болсо, соттолгону автоматтык түрдө үйдү приватизациялоого тыюу салбайт.

Бирок негизги маселе — ал кандай негиз менен кызматтан бошотулган.

Эгер ал жашы, ден соолугу, штат кыскаруусу, үй-бүлөлүк же башка маанилүү жагдайлар, же пенсиялык выслуга боюнча бошотулган болсо — кызматтык батирди жеке менчикке өткөрүү/приватизациялоо мүмкүн. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамы, (2026-жылдын 20-февралындагы акыркы редакциясында) жана Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 1-июлундагы № 930-XII «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Мыйзамы (2025-жылдын 25-октябрындагы акыркы редакциясында), боюнча 20 жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери кызматтык батирди түз сатуу жолу менен приватизациялоого укуктуу; ал эми белгилүү негиздер менен запаска/отставкага бошотулган 20 жылдан ашык кызматкерлерге кызматтык батир акысыз жеке менчикке өткөрүлөт.  

Эгер болсо ал соттолгонуна байланыштуу, дискредитациялоочу негиз менен кызматтан бошотулган болсо, анда орган “недискредитирующие основания” жок деп, приватизациядан баш тартышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курам жана прапорщиктер тарабынан контракт боюнча аскердик кызмат өтөө жана запаста болуу тартиби жөнүндө Жобо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курам жана прапорщиктер тарабынан контракт боюнча аскердик кызмат өтөө жана запаста болуу тартиби жөнүндө Жобо, 20 жылдан ашык кызмат өтөгөндөрдү кызматтык үйдөн чыгарбоо боюнча кепилдик да недискредитирующие основания менен бошотулганда колдонулат.  

Ошондой эле приватизацияга жол берилбейт, эгер батир жабык аскер шаарчасында, жатаканада/гостиница тибиндеги үйдө болсо, же мурда ошол адамга/жубайына башка ведомстволук/муниципалдык үй же ошол эле жерде ИЖС үчүн жер берилген болсо.  

Жыйынтык: “анча оор эмес кылмыш” деген факт өзүнөн-өзү тыюу эмес. Бирок өкүмдөн кийин кызматтан бошотуу буйругунда кандай негиз көрсөтүлгөнүн караш керек. Эң маанилүү документтер: кызматтан бошотуу жөнүндө буйрук, справка-объективка, выслуга тууралуу маалымат, ижара келишими жана кыймылсыз мүлк боюнча маалымкат.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев

Бишкек ш., 720005, Болот Юнусалиев көчөсү, 80, OloloPlanet

тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal

Эл.почта: muratbek@azimbaev.pro

httрs://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/

X: @MuratbekAz

ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчтагы кызыл түс менен белгиленген «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен таанышыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв