Биринчи никеден бала асырап алуу
№ 107275 | 02.12.2023 | Көрүүлөр: 1606
Биринчи никеден балам бар бирок жалгыз бой энемин туулгандыгы тууралуу куболукто ата графасында сызыкча бар, азыркы жолдошум кызын багып алгысы келет, бул учун кандай документтер керек?
Кутмандуу күнүң менен!
Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун талаптары менен http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru- шилтемеси аркылуу таанышыңыз. ru/98146.
Дареги: Бишкек ш. Исанова, №42/1 үй.
Тел. 0555 80 32 79 (whatsapp) Евгений Николаевич Макаров (юрист)
Тел. 0550 93 23 33 Макарова Маргарита Григорьевна (нотариус)
Кайырдуу күн Баланы асырап алуу жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) асырап алуучулардын (асырап алуучунун) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) бала никедеги адамдар (адам) тарабынан асырап алынганда асырап алуучулардын (асырап алуучунун) нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
3) жубайлардын бири баланы асырап алууда - жубайлардын экинчисинин макулдугу же жубайлар үй-бүлөлүк мамилелерди токтоткондугун, бир жылдан ашык чогуу жашабаганын жана башка жубайдын жашаган жери белгисиз экендигин тастыктаган документ; ;
4) асырап алуучулардын (асырап алуучунун) ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду;
5) иштеген жеринен эмгек акы жөнүндө маалымкат же кирешелери жөнүндө отчеттун көчүрмөсү же асырап алуучулардын (асырап алуучунун) кирешелери жөнүндө башка документ;
6) асырап алуучулар жашаган турак жайга менчик укугун же пайдалануу укугун ырастоочу документ.
Коомдук коопсуздук органдарынын корутундусу да талап кылынат.
Нургазы Раимбабаев
тел: WhatsApp, Telegram: +996559380370
эл. почта: rnk_092@mail.ru