Тез тамактануучу жайды нөлдөн баштап ачуу үчүн кандай документтер керек?

Самса, пирожки, токочторду нөлдөн баштап сатуучу пункт ачуу үчүн кандай документтер керек?

Спасибо


Юрист жооп берет Сыдыков Алик

Саламатсызбы!

Мамлекеттик салык кызматында жеке ишкер катары каттоодон өтүү үчүн сизге паспорт гана керек. Фаст-фуд сатуучу жайды ачуу үчүн медициналык текшерүүдөн өтүп, санитардык маалымкат алуу керек, андан кийин сатуучу жайды ачуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органынан тез тамактануучу жайды ачуу мүмкүндүгү тууралуу корутундусун алуу керек; жана өрткө каршы бөлүмдөн жайдын өрт коопсуздугу жөнүндө корутунду.

Урматтоо менен, А.Сыдыков.

Байланыш үчүн: a_sydykov@mail.ru же 0701 680 480.

Жаңыртылды: 05.08.2017
0 жооп бер
Жоопторду (жакты/жакты) сол жактагы белгини басуу менен баалаңыз!
Юристтердин жооптору пайдалуу болдубу? Өтүнөмүн, өз пикириңизди калтырыңыз