Тема: Эмгек акы карызы

№ 117941
03.11.2025

Районубузда мамлекеттик ишкана филиалын ачып жатат. Филиалды ачуу боюнча юридикалык документтер толук бүтө элек. Мени жумушка алуу боюнча буйрукка өткөн айдын 20сында кол коюлган. Филиал толук бүтө элек болгондуктан айлыгымды ала элекмин. Эми эмне болот? Филиал ачылганча айлыксыз каламбы?

№ 117189
27.07.2025

Урматтуу юристтер, өз убагында төлөбөгөндүгү жана соттун чечимин аткарбаганы үчүн күнүнө үстөк пайыздарды эсептөө боюнча кайсы мыйзамга жана беренеге кайрылуум керек экенин айтып бере аласызбы? Иш: иш берүүчү соттун чечимине жана аткаруу баракчасына карабай эмгек акыны төлөбөй койгон. Сот аткаруучулар да бир жылдан ашык убакыттан бери акчаны өндүрө албай келишет. Рахмат.

№ 116778
03.06.2025

Саламатсыздарбы, урматтуу эксперттер. Мен юридикалык кеңеш сурайм. Мен IT-компанияда эмгек келишими боюнча иштейм, бирок кызматкер катары укуктарымдын бузулушуна такай туш болом: - эмгек акы кеч төлөнөт; - көп учурда толук төлөнбөйт (мисалы, төлөнүүчүнүн 60%ы гана); - иш берүүчү эсепти же түшүндүрмө бербесе - кандай сумма чегерилген, канчасы кармалып калган жана эмне үчүн; - айлыктын калган бөлүгүн түзмө-түз сураныш керек, жооп да, расмий түшүндүрмө да жок. Мындай абал бир нече айдан бери уланууда. Сураныч, кеңеш бериңиз: Эмне…