Кыргызстандын жарандары адвокаттарга телефон аркылуу бекер суроо бере алат.
06.05.2020
БИШКЕК, 6-май – Sputnik.
Кыргызстандыктар 112 телефону аркылуу бекер юридикалык кеңеш ала алышат, деп билдирди ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Ишеним телефону COVID-19 пандемиясы учурунда жарандарга ыкчам жана сапаттуу колдоо көрсөтүү үчүн ачык. Уюм азыркы шартта юридикалык жардамга муктаж адамдардын саны өсүп жатканын белгилейт.
ПРООНдун маалыматы боюнча бүгүнкү күндө эң актуалдуу укуктук маселелер:
- келишимдик милдеттенмелерди аткарбоо маселеси; акчалай милдеттенмелерди аткарууда бөлүп төлөө; форс-мажордук жагдайлардан улам жоопкерчиликтен бошотуу;
- мыйзамсыз иштен бошотуу же эмгек акысы сакталбаган өргүү, пособиелерди төлөбөй коюу жана эмгек мыйзамдарында каралган кепилдиктерди аткарбоо;
- салык отчетторун түзүү жана берүү; ишкердик ишти, анын ичинде патенттик негизде токтото туруу менен байланышкан маселелер;
- ажырашуу, үй-бүлөлүк зомбулук, балдарды тарбиялоого байланышкан маселелер;
- өзгөчө абалдын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу; эпидемияга каршы ченемдерди бузуу; чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу; кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу; өзгөчө кырдаалда юристтин кесиптик жардамга жетүү маселеси.
112 ишеним телефонуна чалып, жарандар жогоруда айтылган жана башка укуктук чөйрөдөгү маселелер боюнча кеңири юридикалык кеңеш ала алышат.
Булагы: sputnik.kg
жазылуу
0 түшүндүрмө