Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН ЖАЛПЫ ЖОБОЛОРУ›4-глава. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.

Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:

1) өндүрүп алуучу жана карызкор (мындан ары - аткаруу өндүрүшүнүн тараптары) жана алардын өкүлдөрү;

2) аткаруу документинде камтылган талаптары аткарууга көмөк көрсөтүүчү башка катышуучулар (эксперттер, адистер, баалоочулар, котормочулар калыс-күбөлөр, жооптуу мүлк сактоочулар).

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)