23-берене. Сот аткаруучунун токтому
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
III БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН ЖАЛПЫ ЖОБОЛОРУ›3-глава. Мажбурлап аткартуу органдары, аткаруу документтеринин түрлөрү
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.
1. Сот аткаруучу тарабынан кабыл алынуучу аткаруу өндүрүшүнүн маселелери боюнча чечимдер токтомдор менен жол-жоболоштурулат.
2. Сот аткаруучунун токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) токтом чыгарылган дата жана жер;
2) сот аткаруучунун кызмат орду, фамилиясы, аты-жөндөрү;
3) сот аткаруучулардын кызматынын аймактык бөлүмүнүн аталышы - сот аткаруучулар үчүн, жеке сот аткаруучунун күбөлүктөрүнүн реквизиттери - жеке сот аткаруучулар үчүн;
4) алар боюнча токтом чыгарылган аткаруу өндүрүшүнүн аталышы жана номери;
5) ал боюнча токтом чыгарылып жаткан маселе;
6) кабыл алынган чечимдин негизи;
7) каралып жаткан маселе боюнча кабыл алынган чечим;
8) токтомго даттануу тартиби жана мөөнөтү же болбосо токтомго даттанууга жатпаганы жөнүндө көрсөтмө.
3. Сот аткаруучунун токтому токтоосуз аткарылууга жатат жана ушул Мыйзамда белгиленген учурда жана тартипте даттанылышы мүмкүн.
Сот аткаруучунун, жеке сот аткаруучунун токтому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, сот аткаруучунун, жеке сот аткаруучунун электрондук колу коюлган электрондук документтин форматында кабыл алынышы мүмкүн жана электрондук почта аркылуу аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдарга жиберилет.
4. Сот аткаруучу өзүнүн демилгеси боюнча же аткаруу өндүрүшүнө катышып жаткан адамдардын арызы боюнча токтомдо алар тарабынан жол берилген жаңылыш жазууларды же даана арифметикалык каталарды оңдоого укуктуу, бул тууралуу өзүнчө токтом чыгарат, ал ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн.
Сот аткаруучунун токтому ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде тиешелүү документ жиберилген жана дарек ээси алган фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу аткаруу өндүрүшүнө катышкан тиешелүү адамдарга жөнөтүлөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу документ жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, документ кагаз жүзүндө жөнөтүлөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын өтүнүчтөрү жана арыздары сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнө же жеке сот аткаруучуга келип түшкөн күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде каралууга тийиш.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)