25-берене. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптары
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
III БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН ЖАЛПЫ ЖОБОЛОРУ›4-глава. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.
1. Жеке, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өндүрүп алуучу жана карызкор болушу мүмкүн.
2. Алардын пайдасына же кызыкчылыктарында аткаруу документи берилген жеке, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өндүрүп алуучу болуп саналат.
3. Аткаруу документтери боюнча белгилүү бир иш-аракеттерди жасоого же белгилүү бир иш-аракеттерди жасоодон карманууга милдеттүү жеке, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары карызкор болуп саналат.
4. Аткаруу өндүрүшүнө бир нече өндүрүп алуучу жана карызкор катышышы мүмкүн. Алардын ар бири аткаруу өндүрүшүнө өз алдынча катышат.