18-берене. Ишкердиктин субъекттеринин мамлекеттик заказдарды жана ири ишканалардын заказдарын аткарууга катышуусу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

11.01.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

II бөлүм.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренеси, 11.01.2025 редакциясы.

Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууда сатып алууну жүргүзүүчү мекемелер бул процесске ишкердиктин субъекттеринин катышуусун караштырат. Ишкердиктин субъекттери үчүн заказдардын тийиштүү үлүшүн резервдөөнүн жана аларды берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

Ири ишканалар чийки заттарды, материалдарды, комплектөөчү буюмдарды жана тетиктерди сатып алуу боюнча өз заказдарынын бөлүгүн ишкердиктин субъекттерине жайгаштырышат.

(КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)