17-берене. Ишкердикти каржылоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси, 11.01.2025 редакциясы.
Ишкердиктин тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында чарбакер субъекттерди каржылык-кредиттик колдоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, адистештирилген тармактык мамлекеттик фонддордун каражаттарынын, эл аралык каржылык уюмдар жана донор өлкөлөр берүүчү кредиттердин эсебинен, ошондой эле ата мекендик жеке жана чет өлкөлүк капиталдарды жана башка булактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартуунун эсебинен жүргүзүлөт.
Ишкердиктин субъекттерин жеңилдетилген каржылоонун шарттарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
Ишкердикке каржы - кредиттик колдоо көрсөтүү республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиги менен эл аралык каржы уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылып, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору менен бир эле убакта жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилүүчү ишкердикке колдоо көрсөтүүнүн жана аны өнүктүрүүнүн программасынын негизинде жүргүзүлөт. Мында ишкердикти колдоону каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө мыйзамда өзүнчө сап менен бөлүнүп көрсөтүлөт.
(КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)