2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр


1-глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясы.

Ыйгарым укуктуу органдар - ишкердиктин субъекттерин текшерүүнү жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунда ыйгарым укук берилген, тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иштеп чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитүүчү аткаруу бийлик органдары.

Караңыз:

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө" токтому;

КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 933-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому;

Текшерүү - өмүрдүн, ден соолуктун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тобокелдиктерди болтурбоо жана башкача башкаруу максатында жүргүзүлгөн текшерүүнүн субъекттеринин ишин мамлекеттик контролдоонун же көзөмөлдөөнүн ар кандай формасы. .

Пландуу текшерүү - ыйгарым укуктуу органдын текшерүүнүн субъекттеринин иштерин текшерүүнү жүзөгө ашыруунун өзү тарабынан бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүчү текшерүү.

Пландан тышкары текшерүү - ушул Мыйзамдын 7-статьясында каралган негиздер боюнча жүргүзүлүүчү текшерүүнүн субъекттеринин иштерин текшерүү.

Контролдук текшерүү - текшерүүнүн субъекттеринин мурдагы текшерүүдө белгиленген укук бузууларын четтетүүсүн текшерүү.

Кайра текшерүү - пландуу текшерүүнүн натыйжаларына карата ишкердиктин субъекттеринин даттануусунун негизинде жана пландуу текшерүүнү жүргүзүү менен байланышкан, актыда чагылдырылбаган же болбосо так чагылдырылбаган айрым учурларды тактоо үчүн жүргүзүлүүчү текшерүү.

Текшерүүнүн субъекттери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар, жеке ишкерлер, филиалдар жана өкүлчүлүктөр.

Тобокелдик ишкердикти жүргүзүүдөгү натыйжалардын пайда болушу жана алар келтирүүчү зыяндын болжолдуу ченеми, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн текшерүүнүн субъекттеринин өз милдеттерин аткарбагандыгы (толук көлөмдө же тийиштүү даражада аткарбагандыгы).

Тобокелдиктин даражасын баалоо чен-өлчөмдөрү - текшерүүнүн субъекттеринин иши менен түздөн-түз байланышкан текшерүүнүн субъекттеринин тобокелдиктин ар кандай даражаларына алып барууга мүмкүндүк берүүчү сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдүн жыйындысы.

Текшерүү барактары - бул текшерүүнүн субъекттеринин ишине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунда каралган, аларды сактабоо адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарына түздөн-түз коркунуч келтирген талаптардын толук тизмеги. Мында, көрсөтүлгөн талаптар ченемдик укуктук актылардын түзүмдүк элементтерине, анын ичинде эң кичинекей түзүмдүк элементине конкреттүү шилтемелер болушу керек.

Текшерүүнүн объекти - тобокелдиктин тиешелүү тармагында жүзөгө ашырылуучу текшерүүнүн субъектинин иши же ишинин бөлүгү.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2011-жылдын 22-июлундагы № 121, 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134, ,2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)