2-1-статья. Текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ишинин максаты жана милдеттери


1-глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-1-статьясы.

1. Текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ишинин негизги максаты болуп өмүрдүн, ден соолуктун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугун камсыздоо саналат.

2. Текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ишинин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) өмүрдүн, ден соолуктун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугу үчүн тобокелдиктерди болтурбоо жана башкача түрдө башкаруу;

2) текшерүүнүн субъекттерине маалымдоо, консультацияны жана сунуштамаларды берүү.

(КР 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)