19-статья. Текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурда ишкердиктин субъекттеринин укуктарын мамлекеттик коргоо
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-статьясы.
Текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурда ишкердиктин субъекттеринин укуктарын коргоо администрациялык жана (же) сот тартибинде жүзөгө ашырылат.
Текшерүүчү кызмат адамынын иш-аракеттерине жана ыйгарым укуктуу органдын чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик иштин жол-жоболору жөнүндө мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда ишкердиктин субъекти сотко кайрылууга укуктуу.
Ишкердиктин субъектинин жазапул түрүндө жаза салуу тууралу ыйгарым укуктуу органдын чечимине карата даттануусу даттанууну маани-маңызы боюнча чечкенге чейин жазаны токтото турат.
(КР 2017-жылдын 16-октябрындагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык)