19-1-статья. Ушул Мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжаларынын жараксыздыгы
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-1-статьясы.
Текшерүүлөрдү уюштурууга жана жүргүзүүгө карата ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды одоно бузуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары жараксыз деп таанылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын текшерүү субъекти тарабынан бузулушунун далили боло албайт.
Төмөнкүлөр одоно бузуулар деп таанылат:
- текшерүүнү жүргүзүүнүн негиздеринин жоктугу;
- тескеменин (буйруктун, жазма эскертүүнүн) жоктугу;
- ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 7-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабарлоонун мөөнөттөрүнүн сакталбагандыгы;
- ушул Мыйзамдын 4-статьясынын талаптарынын бузулушу;
- тескемени (буйрукту, жазма эскертүүнү) ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуунун болбогондугу (контролдук текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө тескемелерди (буйруктарды, жазма эскертүүлөрдү) кошпогондо);
- ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алардын компетенциясына кирбеген текшерүүлөрдүн дайындалышы.
(КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)