78-берене. Жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

II-БӨЛҮМ.›11-глава. Жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү,

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 78-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.

1. Нотариус жубайлардын же менчик ээлеринин (биргелешкен же үлүштүк менчиктин) биргелешкен жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берет.

2. Кыймылсыз мүлккө менчик укугу жөнүндө күбөлүк ошол мүлк жайгашкан жердеги нотариус тарабынан берилет.