79-берене. Артында калган жубайдын арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
II-БӨЛҮМ.›11-глава. Жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү,
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 79-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.
1. Жубайлардын бири каза болгондо жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган жер боюнча нотариус тарабынан мурасты кабыл алган мураскорлорго кабарлоо менен артында калган жубайынын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча берилет.
2. Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк артында калган жубайга нике учурунда жыйналган жалпы мүлктүн жарымына берилет.
3. Мурасты кабыл алган мураскорлордун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жана артында калган жубайдын макулдугу менен менчик укугу жөнүндө күбөлүктө каза болгон адамдын жалпы мүлктөгү үлүшү да аныкталышы мүмкүн.