77-берене. Керээз боюнча мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүүнүн шарттары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

II-БӨЛҮМ.›10-глава. Мурасталган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрүү.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 77-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.

1. Нотариус керээз боюнча мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүүдө тийиштүү далилдерди талап кылуу аркылуу мурас калтыруучунун каза болгондугунун фактысын, керээздин бар экенин, мурас ачылган убакытты жана жерди, мураска калган мүлктүн курамын жана турган жерин текшерет.

Нотариус ошондой эле мурастагы милдеттүү үлүшкө укуктуу болгон жактардын чөйрөсүн аныктайт.