2-статья. Кыргыз Республикасынын автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзамдары
11.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
17.03.2023 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясы, 17.03.2023 редакциясы.
1. Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан, жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандан башка нормалар белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
(КР 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)