3-статья. Автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясы, 17.03.2023 редакциясы.
1. Автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салууну Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жүзөгө ашырат.
2. Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган автордук жана чектеш укук мамилелери чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашырат, илим, адабият жана искусство жаатында чыгармачылыкты өнүктүрүү, авторлордун жана чектеш укуктардын ээлеринин толук укуктуулугун, анын ичинде сотко кайрылууга, автордук укуктарды пайдалануу жөнүндө келишимдерди түзүү укуктарын ишке ашыруу үчүн укуктук шарттарды түзүүгө көмөктөшөт, ошондой эле автордук сый акыны чогултууну жана төлөп берүүнү жүзөгө ашырат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги милдеттери аткарган кызматтары жана ыйгарым укуктары ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актылары менен аныкталат.
(Абзац КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын маданиятын өнүктүрүү жана авторлордун чыгармачылык ишине көмөк көрсөтүү максатында Интеллектуалдык менчик боюнча Мамлекеттик фонд түзүлөт. Интеллектуалдык менчик боюнча Мамлекеттик фонд тууралу Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)