Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.03.2023 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

I бөлүм Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы, 17.03.2023 редакциясы.

Ушул Мыйзам илим, адабият жана искусство чыгармаларын (автордук укук), электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрүн (чектеш укуктар) жаратууга жана пайдаланууга байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)