85-статья. Жашы жетпеген балдарды багуу боюнча ата-эненин милдеттери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

V БӨЛҮМ ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН АЛИМЕНТТИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ›14-Глава Ата-эне менен балдардын алименттик милдеттенмелери

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 85-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

1. Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Жашы жетпеген балдарды багуунун тартиби менен түрү ата-эне тарабынан өз алдынча аныкталат.

Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багуу тууралу ушул Кодекстин 17-главасына ылайык макулдашуу (алимент төлөө тууралу макулдашуу) түзүүгө укуктуу.

2. Эгерде ата-энеси (экөөнүн бири) өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга каражат бербеген учурда, аларды багуу үчүн каражат (алимент) баланын атынан, ата-энесинин биринен сотко берилген доонун, же болбосо алардын ата-энесинен (экөөнүн биринен) жашы жетпеген балдарына алимент өндүрүп алуу тууралуу доо коюу укугу берилген балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн доосунун негизинде ата-энелеринен (экөөнүн биринен) сот тартибинде өндүрүп алынат.

Жашы жетпеген балдарды багууга алимент өндүрүп алуу жөнүндө талаптар аталыкты (энеликти) аныктоого, талашууга же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган учурда аларды багууга каражаттар (алименттер) ата-энесинен (алардын биринен) талашсыз тартипте нотариалдык буйруктун негизинде өндүрүп алынат.

(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)