85-1-статья. Билим берүү уюмдарында окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы балдардын алиментке укугу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

V БӨЛҮМ ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН АЛИМЕНТТИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ›14-Глава Ата-эне менен балдардын алименттик милдеттенмелери

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 85-1-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

1. Алиментти төлөө жөнүндө макулдашуу болбосо, академиялык отпускада болгон мезгилди кошпогондо, алар окууну аяктаганга чейин сот уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында күндүзгү формада акы төлөөнүн негизинде окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы жардамга муктаж болгон өз балдарын багууга ата-энелерди милдеттендирүүгө укуктуу.

2. Билим берүү уюмдарынын күндүзгү формасында акы төлөө негизинде окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы жардамга муктаж болгон балдарга алименттин өлчөмү сот тарабынан уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында окутууга төлөнүүчү нарктын элүү пайызынын өлчөмүндө аныкталат.

(КР 2017-жылдын 2-мартындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)