51-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын аймагынан тышкарыда эмгектениши


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

21.05.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III БӨЛҮМ›2-Глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-статьясы, 21.05.2026 редакциясы.

Кыргыз Республикасынын аскердик кызматта тургандан башка жарандары анын аймагынан тышкарыда эмгек ишмердигин жүргүзө алышат.

Кыргыз Республикасынын жарандарын анын аймагынан тышкары чет өлкөлөрдө ишке орноштурууда иштеген жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишмердик тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)