42-статья. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө жана Кыргыз Республикасына кирүүгө укук берүүчү документтер


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

21.05.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III БӨЛҮМ›1-Глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-статьясы, 21.05.2026 редакциясы.

Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө жана Кыргыз Республикасына кирүүгө укук берүүчү жана Кыргыз Республикасынын жаранын ал чет өлкөдө жүргөндө тастыктаган документ катары төмөнкүлөр эсептелинет:

1) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;

2) дипломатиялык паспорт;

3) кызматтык паспорт;

4) кайтып келүү күбөлүгү.

Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каралган тартипте берилет жана пайдаланылат. Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекетке кайтарылып берилүүгө жатат.

Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

Кыргыз Республикасынын жараны инсандыгын ырастаган документтерди жоготкон учурда Кыргыз Республикасына кирүү укугун берүүчү документ катары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө берилүүчү күбөлүк эсептелинет. Кайтып келүү күбөлүгү жөнүндө Жобону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде каралган учурларда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган документтин ордуна Кыргыз Республикасынан чыгууда башка документтер пайдаланылышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2015-жылдын 19-мартындагы № 59, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)