33-статья. Иммигрант статусун алууда артыкчылыктан пайдалануучу адамдар.
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-статьясы, 21.05.2026 редакциясы.
Иммигрант статусун алууда артыкчылык укугунан төмөндөгү чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар пайдаланышат:
1) теги кыргыздар, башкача айтканда, башка мамлекеттин жараны же жарандыгы жок, ата-энесинин бири кыргыз болгондор;
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын ата-энеси, анын жубайы, 18
жашка чейинки балдары же бойго жеткен жөндөмсүз балдары;
3) иммигранттын ата-энеси, жубайы, анын 18 жашка чейинки балдары же бойго жеткен жөндөмсүз балдары;
4) Кыргыз Республикасынын жаранынын камкордугундагы жана көзөмөлүндөгү адамдар;
5) Кыргыз Республикасынын жаранынын камкорчусу же көзөмөлчүсү болуп саналган адамдар;
6) Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий жактан өнүгүшүнө салым кошкон белгилүү илимий, маданий ишмерлер жана башка адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасына талап кылынган жогорку кесиптеги адистер.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамы тарабынан расмий тилдеги 33-статьясына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор.