3-статья. Тышкы миграция маселелерин жөнгө салуучу мыйзам актылары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

21.05.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

I БӨЛҮМ

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясы, 21.05.2026 редакциясы.

Кыргыз Республикасында тышкы миграция иштери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.

Ушул Мыйзамдын аракети качкындар статусун алган жана качкын статусун алууну өтүнгөн адамдарга карата жайылтылбайт.

Ушул Мыйзамдын ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)