14-2-статья. Инвестициялык визалардын колдонулуу мөөнөттөрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

21.05.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

II БӨЛҮМ›1-Глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-2-статьясы, 21.05.2026 редакциясы.

Инвестициялык виза төмөнкүдөй мөөнөттөргө берилет:

- 5 жылга, эгерде инвестор өлкөнүн экономикасына он миллион сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо;

- 10 жылга, эгерде инвестор өлкөнүн экономикасына жыйырма миллион сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо.

Инвестор өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк валютада салым кошууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)