88-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу мөөнөттөрүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

III БӨЛҮМ. САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ ЖАНА САЛЫК КАРЫЗЫ›8-глава. Салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу мөөнөттөрүн өзгөртүү

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 88-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Салык милдеттенмесин аткаруунун, ошондой эле салык карызын (мындан ары - салык карызынын суммасы) жоюунун мөөнөтүн өзгөртүү деп салык карызынын суммасын төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн кыйла кийинки мөөнөткө которуу түшүнүлөт.

2. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул главада каралган тартипте гана жол берилет.

Эгерде ушул главада башкача каралбаса, төлөө мөөнөтү салык карызынын төлөнбөгөн суммасына пайыздарды эсептөө менен салык карызынын төлөнүүгө тийиш болгон бардык суммасына карата өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө формасында жүзөгө ашырылат.

4. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү аны төлөө боюнча колдонуудагы милдеттерди жойбойт жана жаңыларын түзбөйт.

5. Ушул Кодекстин 34-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү банктык кепилдик менен гана жүргүзүлөт.

6. Ушул берененин жоболору акциз салыгы боюнча салык карызынын суммасына карата колдонулбайт.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)