149-берене. Салык кызматынын органдарынын салык төлөөчүлөрдүн уюмдары менен өз ара аракеттенүүсү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

IV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК КОНТРОЛЬ›17-глава. Салык кызматынын органдарынын башка субъекттер менен өз ара аракеттенүүсү

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Кыргыз Республикасында натыйжалуу салык саясатын түзүү жана ишке ашыруу, өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатуу жана салык төлөөчүлөр менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын балансына жетишүү максатында салык кызматынын органдары салык төлөөчүлөрдүн уюмдары, анын ичинде бизнес-ассоциациялар, кесиптик бирикмелер менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.