444-берене. Аткаруу документинде камтылган мүлктүк эмес мүнөздөгү талаптарды аткарбоо
04.07.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ›49-глава. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, соттун чечимин аткаруу, ошондой эле жаза аткаруу тутумундагы мекемелердин тартибине каршы укук бузуулар
Аткаруу жыйымы алынгандан кийин соттук аткаруучу, жеке соттук аткаруучу тарабынан белгиленген мөөнөттө аткаруу документтеринде камтылган мүлктүк эмес мүнөздөгү талаптардын карызкор тарабынан аткарылбоосу, -
жеке жактарга 50 эcептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)