445-берене. Кылмыш-жаза процессинин катышуучуларына карата коопсуздук чаралары тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ›49-глава. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, соттун чечимин аткаруу, ошондой эле жаза аткаруу тутумундагы мекемелердин тартибине каршы укук бузуулар

Судьяга же сот адилеттигин ишке ашырууга катышкан башка адамдарга, сот аткаруучуга, жеке соттук аткаруучуга, жабырлануучуга, күбөгө жана кылмыш-жаза процессинин башка катышуучуларына, ага тете жубайларына, алардын кимиси болбосун жакын туугандарына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары тууралуу маалыматтарды жайылтуу, бул маалыматтар ишенип берилген же анын кызматтык ишине байланыштуу белгилүү болгон адам тарабынан жасалса, -

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)