443-1-берене. Балдарды же эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерди багууга каражаттарды төлөбөө
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ›49-глава. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, соттун чечимин аткаруу, ошондой эле жаза аткаруу тутумундагы мекемелердин тартибине каршы укук бузуулар
1. Алиментти мезгилдүү төлөө милдети болгондо катары менен үч айдан ашык мезгилде же суммалык бир жыл ичинде пайда болгон карыздын суммасында каражатты соттун чечиминин негизинде баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга ата-эненин төлөөдөн баш тартуусу -
үч суткага камакка алууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, кайталанып жасалган ошол эле жосун -
жети суткага камакка алууга алып келет.
3. Эмгекке жарамдуу жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражаттарды жалпысынан үч ай бою соттун актысын же алименттик макулдашууну бузуп төлөбөөсү -
үч суткага камакка алууга алып келет.
Эскертүү. Ушул беренеге ылайык адам жоопкерчиликке тартылгандан кийин 12 айдын ичинде кайталап жасалган укук бузуу кайталанган укук бузуу деп таанылат.
Эгерде адам алименттик милдеттенмелер боюнча карызын толук төлөсө, ал жоопкерчиликтен бошотулат.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы №79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)