443-берене. Аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ›49-глава. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, соттун чечимин аткаруу, ошондой эле жаза аткаруу тутумундагы мекемелердин тартибине каршы укук бузуулар

1. Соттук аткаруучунун, жеке соттук аткаруучунун мыйзамдуу талаптарын аткарбоону, анын ичинде мүлккө болгон өзүнүн укуктары жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүүнү, иштен бошогондугу тууралуу, жаңы иш, окуган жери, пенсия алган жери, башка кирешелери же турган жери жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүү менен билдирилген аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарды карызкордун бузуусу, -

жеке жактарга 70 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Карызкордон акча каражаттарын алуу жөнүндө аткаруу документиндеги камтылган талаптарды банктын же башка кредиттик уюмдардын аткарбай коюусу, -

юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Карызкор болуп саналбаган жактын соттук аткаруучунун, жеке соттук аткаруучунун мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, конфискацияланган мүлктү алуудан баш тартуу, карызкордун мүлктүк абалы тууралуу анык эмес маалыматтарды берүү, аткарылуучу документтерди өз учурунда жөнөтпөө менен билдирилген аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарды бузуусу, -

жеке жактарга 170 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 470 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Өзүнө берилген аткаруу документтерин жоготуусу, -

жеке жактарга, кызмат адамдарына 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)