317-2-берене. Субъект тарабынан ишкердик ишинде банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун жана/же жеке жак катары субъекттин өзүнө катталган накталай эмес төлөмдүн башка инструменттерин пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›34-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле күзөт-детектив кызматы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

1. Субъект тарабынан ишкердик ишинде банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) жана/же жеке жак катары субъекттин өзүнө катталган ишкердик иш менен байланышпаган жеке мүнөздөгү төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн арналган накталай эмес төлөм инструменттерин колдонуу -

жеке же юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин кайталанып жасалса -

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жолудан ашык кайталанып жасалса -

жеке жактарга 130 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)