317-3-берене. Банк тарабынан салык кызматынын органдарына маалымат бербөө жана/же аны берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›34-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле күзөт-детектив кызматы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

Банк тарабынан салык кызматынын органдарына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда маалымат бербөө, анын ичинде аны берүүдөн баш тартуу жана/же маалымат берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу -

юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)