317-1-берене. Банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган, башка жактын атына катталган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) субъект тарабынан колдонуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ›34-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле күзөт-детектив кызматы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар
1. Банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган, башка жактын атына катталган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) субъект тарабынан колдонуу -
жеке жактарга жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жаза чарасы колдонулгандан кийин кайра жасалган ошол эле жосун, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)