317-берене. Банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун ("QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонбоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›34-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле күзөт-детектив кызматы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

1. Соода ишин жүзөгө ашырууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө сатуучуларда (аткаруучуларда) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн арналган жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштөрдүн) жоктугу, -

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Соода ишин жүзөгө ашырууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө аларды кабыл алууга милдеттүү болгон сатуучулар (аткаруучулар) тарабынан банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуудан баш тартуу, -

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)