309-3-берене. Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу маалыматтык тутумуна субъекттерди туташтырууну камсыз кылуучу салык төлөөчүгө коюлуучу талаптарды бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›34-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле күзөт-детектив кызматы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу маалыматтык тутумуна субъекттерди туташтырууну камсыз кылуучу салык төлөөчүгө коюлуучу талаптарды бузуу, -

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен толукталган ушул Кодекстин 3091-беренеси 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.