309-2-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык эсеп-фактураларды колдонбоо
04.07.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ›34-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле күзөт-детектив кызматы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар
Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында эсеп-фактураны тариздөө же алуу милдеттүү тартипте белгиленген учурларда, эсеп-фактураны колдонбоо, ага тете товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсеп-фактураны тариздебестен жана албастан сатып алуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)