309-4-берене. Соода базарларынын/кичи базарлардын ээлери (дирекциялары) тарабынан турак эмес мүлк объекттери жөнүндө маалыматты салык кызматынын органдарына бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›34-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле күзөт-детектив кызматы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

Соода базарларынын/кичи базарлардын ээлери (дирекциялары) тарабынан кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн базарлардын/кичи базарлардын аймагында жайгашкан турак эмес мүлк объекттери жөнүндө маалыматты бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу, -

юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)