222-4-берене. Кесиптик милдеттерин аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу менен коштолгон ветеринария жаатындагы мыйзамдарды бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ›24-глава. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

1. Жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын кесиптик милдеттерин, келишимдик негизде өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбоосу же болбосо талаптагыдай аткарбоосу, өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу, ветеринария, тамак-аш коопсуздугу, ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарды бузуу, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын келип чыгуу фактыларын жана алардын келип чыгуу жана жайылуу коркунучун түзүүчү жагдайларды жашыруусу -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизанын, диагностикалык изилдөөлөрдүн жана алардын жыйынтыктарын берүүнүн аныктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча ветеринардык эрежелерди жана ветеринардык лабораторияларга карата ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптарды бузуу -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)