222-3-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөө объекттерин кайтаруу режимин камсыз кылуучу мыйзамдарды бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ›24-глава. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

1. Ветеринардык көзөмөлдөгү жана контролдогу объекттерди долбоорлоонун, куруунун, реконструкциялоонун жана эксплуатациялоонун ветеринардык-санитардык талаптарын бузуу -

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ветеринария боюнча мамлекеттик органдын тиешелүү корутундусуз жер участокторун бөлүп берүү жана берүү, курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участокторун тандоо жана жер участокторуна тиешелүү укук белгилөөчү документтерди даярдоо -

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Санитардык-коргоо чөлкөмдөрүнүн, зооветеринардык ажырымдардын өлчөмдөрүн, ошондой эле жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу боюнча башка биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды сактабоо -

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Жаныбарлардын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүнгөн жайларды (мал көмүлгөн жайлар, биотермикалык чуңкурлар жана крематорийлер), сибирь жарасынын очокторун күтүүнүн ветеринардык-санитардык талаптарын жана эрежелерин бузуу -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Мал көмүлгөн жайлардын, биотермикалык чуңкурлардын жана крематорийлердин аймагында мал жаюу -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Ушул берененин 1-5-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)