222-5-берене. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жаатындагы мыйзамдарды бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ›24-глава. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

1. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарын жана эрежелерин бузуу -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле жосун жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)